• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда муктаждарга 9 тонна азык-түлүк таратылды

Аймак 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда муктаждарга АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) тарабынан 9 тонна азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЮСАИДдин "Тынчтык үчүн азык-түлүк" программасынын алкагында майыптыгы бар жарандарга, балдардын психологиялык социалдык стационардык мекемесине, карылар үйүнүн жашоочуларына, кургак учук, ВИЧ/СПИД борборунун даарылануучуларына кургатылган азык-түлүктөр берилди.

Белгиленгендей, демилге муктаж жарандарды витаминдүү азыктар менен камсыздоо жана ден соолугун чыңдоо максатында ишке ашырылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий