• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө 7 бала жатат

Ден соолук 0

Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө 7 бала жатат. Анын ичинен бирөө оор абалда, ал жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованын оорукананы кыдыруу учурунда белгилүү болду.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Баатырова мекемеге барып, жугуштуу оорулар менен жабыркаган жарандарга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдын сапаты менен таанышты.

Ал жандандыруу бөлүмүн кыдырып, кичинекей бейтаптардын ата-энелери, бейтаптар жана бөлүмдүн кызматкерлери менен баарлашып, оорукананын көйгөйлөрү менен таанышты.

Оорукананын башкы дарыгеринин дарылоо иштери боюнча орун басары Айнура Узакбаева маалымдагандай, бүгүнкү күндө ооруканада 311 бейтап жатат, анын 236сы балдар. Жалпысынан 146 бейтап курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоодон дарыланып жатат.

Дарыгер белгилегендей, учуруда бейтаптарды кабыл алуу үчүн бош орундуктар жана дары-дармектер жетиштүү.

Пикир

Оставить комментарий