• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте сегиз күн ичинде 5,6 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Коом 0

Бишкек, 12.08.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 4-августтан 13-августуна чейин Бишкек шаарынын айланасында милиция кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарын алдын алуу багытында рейддик иш-чара жүргүзүлдү.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришкендей, кызматкерлери жыйынтыгында жол эрежелерин одоно бузган 5 миң 594 эреже бузуучуларды аныкташты, анын ичинен:

- мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн - 32 ;
- унаа каражатын көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашыкча айдагандыгы үчүн - 132;
- унаа каражатынын терезелерин мыйзамсыз карангылаткан - 26;
- унаа каражатын айдоочулук күбөлүгү жок башкарган - 61;
- жол белгилеринин талаптарын аткарбаган - 2810;
- унаа каражатын тиешелүү каттоосу жок башкарган - 370;
- жөө жүрүүчүнүн жол кыймылынын эрежелерин бузган - 727;
- мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузган - 567 айдоочу;
- башка бузуулар - 1436 ;
- 795 унаа атайын токтотуучу жайга токтотулду.

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдоону эскертет.

Пикир

Оставить комментарий