• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте өспүрүмдөрдүн катышуусунда “Зордук-зомбулуксуз жашоо” акциясы өттү

Коом 0

Бишкек, 28.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 28-ноябрда Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын демилгеси менен жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборунун базасында “Зордук-зомбулуксуз жашоо” акциясы өткөрүлдү.

Ведомстводон билдиргендей, иш-чарага КККнын жана АБКнын, Бишкек шаардык жана райондук ички иштер башкармалыктарынын жана кызматкерлери, КРнын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева, Бишкек шаарынын Свердлов, Октябрь, Биринчи Май жана Ленин районунун жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери жана окуучулары чакырылган.

Иш-чаранын ачылыш аземинде министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов сөз сүйлөп, балдар каалаган убакта милиция кызматкерлерине ар дайым таяна аларын айтып, бардык балдарга чың ден соолук, бакубат, жаркын келечек каалады.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева куттуктоо сөзүндө балдар биздин келечегибиз болгондуктан аларга түшүнүү менен, камкордук менен мамиле кылуусу керектигин белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкерлери күжүрмөн самбо жана өзүн-өзү коргоо боюнча атайын көрсөтүүлөрдү уюштурушту. Өз кезегинде окуучулар “Мектеп рекети”, “Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук”, “Эрте никеге туруу” темасында театралдаштырылган көсөтмөлөрдү жана концерттик программаларды тартуулашты.

Бул иш-чаранын максаты балдарды боорукердикке чакыруу, мекенди барктоого, сүйүүгө, ошондой эле улууларды урматтоого үндөө жана патриоттук сезимдерин ойготуу болуп саналат.

Иш-чаранын аягында балдарга жана конокторго белектер (китептер, жоолуктар, футболкалар) тапшырылды. Ошондой эле милиция кызматкерлери балдарга чай уюштуруп, коноктор менен бирге сүрөткө түшүштү.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара КР ИИМдин туруктуу өнөктөштөрү: "СЭФЭВОРЛД" Эл аралык толеранттуулук фондунун, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын жана жеке ишкер Улан Жумабаевдин каржылык колдоосу менен өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий