• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган адабий-маданий, илимий-агартуу форуму өттү

Коом 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 13-майда, Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгына арналган адабий-маданий, илимий-агартуу форумуна катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Мамлекеттик катчы иш-чараны ачып жатып, залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун кыргыз улуттук адабиятын жана маданиятын өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи.

Ал улуу жазуучунун «Кең-Суу», «Биздин замандын кишилери», «Темир», «Тоо балдары», «Тоо арасында», «Ыманбай пейли», «Зайыптар», «Мезгил сабактары» жана башка романдары, коомдук-саясий жактан маанилүү публицистикалары, поэтикалык чыгармалары кыргыз адабиятында өзгөчө орунду ээлеп калганын баса белгиледи.

«Ал „Манас“ эпосун изилдөөгө жана басып чыгарууга зор салым кошуп, акыркы вариантынын 3 томдугун редакциялоого жана басмага даярдоого активдүү катышкан. „Кыргыз совет адабиятынын тарыхый очерктеринин“ башкы редактору болуу менен, атактуу „Көк асаба“ тарыхый романын жараткан», — деп белгиледи Сүйүнбек Касмамбетов.

Мамлкеттик катчы эске салгандай, Түгөлбай Сыдыкбеков — кыргыз адабиятынын тарыхында алгач ирет роман жанрында чыгарма жараткан адам болгон.

Ал эң алгач СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын, тагыраак айтканда, III даражадагы Сталиндик сыйлыктын лауреаты болгон. Ага эгемен Кыргызстандын тарыхында эң алгач Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган.

Иш-чарага окмуштуулар, илим жана маданият ишмерлери, жогорку окуу жайларынын профессорлору жана студенттери катышты.

Пикир

Оставить комментарий