• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мадмаров Япониянын Эл аралык кызматташтык борборунун директорунун орун басары менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Кечээ, 27-январда КР тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Япониянын Эл аралык кызматташтык борборунун (JICE) директорунун орун басары Вакако Хашимото менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташууну, атап айтканда, Япония өкмөтүнүн мамлекеттик кызматкерлерди окутуу боюнча гранттык программасы (JDS) аркылуу кызматташууну талкуулашты.

Кыргыз тарап Япониянын ар кандай стипендиялык жана билим берүү программаларын ишке ашыруу жолу менен, анын ичинде JDS долбоору аркылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасынын кадрдык потенциалын жогорулатуу менен биздин мамлекеттин кадрдык потенциалын даярдоого кошкон олуттуу салымын белгиледи.

Министрдин орун басары А.Мадмаров Япониянын делегациясы менен 2023-2026-жылдарга жаңы 4 жылдык фазадагы долбоордун түзүмү боюнча пикир алмашты.

Учурда JDS долбоорунун алкагында Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери мамлекеттик башкаруу, эл аралык мамилелер, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, экономика, айыл чарба жана экологиялык саясат өңдүү багыттар боюнча окуудан өтүүдө.

JDS долбоору Кыргызстанда 2007-жылдан бери ишке ашырылып, бул аралыкта Кыргыз Республикасынын 248 мамлекеттик кызматкери Япониянын университеттерине окууга жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий