• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Россия монополияга каршы жөнгө салуу жаатында кызматташат

Коом 0

Бишкек 13.06.23. /Кабар/. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков Санкт-Петербургда КМШга мүчө мамлекеттердин монополияга каршы мыйзамдарын бузууларды биргелешип иликтөө боюнча штабдын отурумуна катышты.

Ведомстводон билдиришкендей, анда Монополияга каршы саясат боюнча Мамлекеттер аралык кеңештин (МСАП) 54-отуруму жана КМШга мүчө мамлекеттердин монополияга каршы мыйзамдарын бузууларды биргелешкен иликтөө боюнча штабдын 40-жыйыны өттү.

Тайлаков МСАПтын отурумунда Кыргыз станда монополияга каршы жөнгө салуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, жарнак жана метрологиялык көзөмөл чөйрөсүндө болуп өткөн эң көрүнүктүү окуялар, ошондой эле 2023-жылдын 11-апрелинде КР президенти кол койгон "Баа түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын максаты, жөнгө салуу предмети жана чөйрөсү жөнүндө маалымат берди.

Мындан тышкары Тайлаков иш сапарынын алкагында Россиянын Федералдык монополияга каршы кызматынын жетекчиси М.А.Шаскольский менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, эки өлкөнүн Монополияга каршы кызматтарынын ортосунда атаандаштык саясаты жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Ошондой эле кол коюлган меморандумду ишке ашыруу боюнча планды кабыл алуу жана атаандаштык саясатын ишке ашыруу жаатында эки ведомствонун эксперттеринин билимин жогорулатууга көмөктөшүүчү биргелешкен иш-чаралардын негизинде ведомстволор аралык кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашууларга жетишилди.

Андан кийин Тайлаков Беларустун Монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министри А.И.Богданов менен жолугушп, мурда кол коюлган кызматташуу жөнүндө меморандумду талкуулады. Жолугушууларда азык-түлүк товарларга жана аларга бааларды турукташтыруу үчүн колдонулган механизмдерге өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун жыйынтыгында меморандумдун алкагында кызматташууну улантуу, ошондой эле товарларга мамлекеттик жөнгө салуу боюнча жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүдө тажрыйба алмашуу чечими кабыл алынды.

Бардык иш-чаралар МСАПтын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулгандыгын эске алып, сыйлык тапшыруу болуп өттү жана Тайлаков К.Д. КМШга мүчө-мамлекеттердин атаандаштык саясаты жаатындагы кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн МСАПтын Ардак белгиси жана РФ Монополияга каршы кызматынын медалы менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий