• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте “TENGRI music” аталышындагы фестиваль өтөт

Маданият 0

Бишкек, 27-июнь /Кабар/. 28-29-июнда Бишкекте ачык асман алдында “TENGRI music 2017” аталышындагы классикалык музыканын III эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Музыкалык иш чара президенттик аппараттын, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана Бишкек шаардык мэриясынын колдоосу менен уюштурулууда.

“TENGRI Music” фестивалына азербайжандык дирижер, “Onyx Classics» үн жаздыруучу компаниясынын белгилүү солисти Эйюб Кулиев, Австриялык кыл кыякчы Эмилио Перцан, Афина консерваториясынын профессору, Афина мамлекеттик оркестринин солисти, кларнетист Спирос Мурикис, ошондой эле, Европа, Түркия, Азербайжан, АКШ, Россия, Казакстан жана Кыргызстандын көрүнүктүү музыканттары катышат.

Бишкек шаарынын мэриясы 28-29-июнда шаар тургандарын 19:00дө Түштүк дарбазадагы сейил багына чакырат.

Пикир

Оставить комментарий