• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Улуттук банктын жана микрофинансылык сектордун өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү

Экономика 0

Бишкек. 14.08.23. /Кабар/. Бишкекте Улуттук банктын жана микрофинансылык сектордун өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өттү. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.

Жыйындын жүрүшүндө микрокаржылоо секторунун жана Улуттук банктын өкүлдөрү микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулашты.

Мындан тышкары, кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарттарды түзүү (финансылык кызматтарды көрсөтүүдө) боюнча актуалдуу маселелер жана аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Тегерек стол Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий