• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. Бишкекте жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 10-октябрда 02:00дө белгисиз айдоочу Кустанай көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып жөө өтмөктөн 40-45 жаштардагы эркек адамды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

"Кийин шектүү Mercedes-Benz Vito унаасынын айдоочусу В.М. кармалып, камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Бишкек ШИИББдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий