• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жаңы акы төлөнүүчү муниципалдык унаа токтотуучу жайлар ачылды

Коом 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Бишкекте кошумча акы төлөнүүчү муниципалдык унаа токтотуучу жайлар уюштурулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, эми айдоочулар унааларды төмөнкү көчө бөлүгүндө жайгашкан унаа токтотуучу жайларга таштай алышат:

- Киев көчөсү Манас проспектисинен Керимбеков көчөсүнө чейин;
- Киев көчөсү Н.Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- Ж.Бөкөнбаев көчөсү Ю.Абрахманов көчөсүнөн Үсөнбаев көчөсүнө чейин.

Жаңы унаа токтотуучу жайлар Бишкек шаарынын муниципалдык аймагында жайгашкан акы төлөнүүчү токтотмолорду жана унаа туруктарды түзүү, күтүү жана турук мейкиндиктерин өнүктүрүү максатында уюштурулду.

Аталган жайларда унаа токтотуунун баасы 25 сомду түзөт. Муниципалдык акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайлардын иштөө убактысы күн сайын 08:00дөн 20:00гө чейин белгиленет.

"Ошондой эле, биздин операторлор "Бишкек токтотмолору жана туруктары" муниципалдык ишканасынын логотиби бар атайын жилет кийип, атайын төш белгилерин тагынып, төлөмдү тастыктаган мөөрү бар талонду беришет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий