• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте "Жалбыз" социалдык-лирикалык телесериалынын бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Бишкектеги Улуттук тарых музейинде "Жалбыз" социалдык-лирикалык заманбап мелодрамасынын 2-сезонунун бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сериал "Кыргызсериал" мамлекеттик мекемеси тарабынан тартылган жана тасма детективдик элементтерге бай.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, коомдук жана чыгармачыл чөйрөдөгү интеллигенция өкүлдөрү жана кино сүйүүчүлөр катышты.

Бет ачардын алдында “Кыргызсериал” мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Жеңишгүл Өзүбекова келген меймандарга ыраазычылык билдирип, учурда маданият жаатында жар салып сүйүнө турган жакшы жаңылыктар болуп атканын белгиледи. Анын айтымында "Кыргызсериалдын" чакан жамааты тыным албай эмгектенип, "Жалбыз" телесериалынан тышкары, "Мурас", "Чоочун киши", "Чыпалак бала", "Кыздар ICE" аттуу телесериалдарды дагы тартып жатышканын, жакынкы күндөрү аларды да коомчулуктун назарына сунушташарын айтты.

Андан соң тартылып аткан тасмалардын кыскача анонстору көрсөтүлүп, "Жалбыз" тасмасынын бир сериясы тартууланды.

Маданий иш-чаранын соңунда Кайрат Иманалиев президент Садыр Жапаровдун "Улуттук киноиндустриясын өнүктүрүү жана КР кинематографиясынын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында түзүлгөн "Кыргызсериалы" мамлекеттик мекемеси алгычкы жемишин тартуулап жатканын айтып, тасма жаратуучулардын ишине ийгиликтерди каалады.

Ал эми мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов "Кыргызсериалы" мамлекеттик мекемеси, кыргыз сериалдары аркылуу кыргыздын салтын, наркын, ыйманын, каадасын, Манасын, ариетин жеткире беришине ынтызарлыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий