• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ч.Айтматовдун «Кош бол, Гүлсары!» повестинин негизинде немец тилинде радиоспектакль коюлду

Маданият 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 25-26-декабрында германиялык «MDR Kultur» («Mitteldeutscher Rundfunk») радиостанциясы аркылуу белгилʏʏ кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун «Кош бол, Гүлсары!» («Гүлсарат») повестинин негизинде немец тилинде эки бөлʏктөн турган радиоспектакль коюлду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, радиоспектаклдын режиссеру Хайке Таух жана анда немец актерлору жана артисттери ойноду.

«MDR Kultur» программасынын атайын чыгарылышында Берлин шаарындагы Кыргыз-герман маданий коомунун өкʏлʏ Махабат Садырбектин жана германиялык актер Феликс Гезердин катышуусу менен жогоруда аталган чыгарма тууралуу пикир алмашуу болуп өттү.

Ч.Айтматовдун чыгармалары немец тилине которулган жана немец окурмандарынын арасында популярдуу. Бүгүнкү күндө Ч.Айтматовдун немец тилиндеги бардык белгилүү чыгармаларын Германиянын китеп дүкөндөрүнөн сатып алса болот.

Пикир

Оставить комментарий