• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Бишкектеги Жеңиш аянтында мекен сакчыларынын күнүнө карата митинг-реквием өттү

Коом 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 22-февралда Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында Мекен коргоочулардын күнүнө арналган митинг-реквием өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Эрлис Тердикбаев, Казахстан жана Россиянын аскердик-дипломаттык корпусунун, Бишкек шаарынын жалпы билим берүү мекемелеринин жаш-атуулдук кыймылдарынын өкүлдөрү, Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери, ошондой эле Бишкек гарнизонунун аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамы катышты.

Митингдин катышуучулары Өчпөс отко гүл коюшуп, курман болгондорду бир мүнөттүк тыныгуу менен эскерип, андан соң салюттук топ куралдан үч жолу атуу менен залп беришти.

Өз сөзүндө Тердикбаев Мекен коргоочулардын майрамынын пайда болушунун тарыхына токтолуп, Кыргызстандын чек араларын коргоодо аскердик милдеттерин аткарууда баатырлыкты көрсөткөн кыргыз аскер кызматчыларынын эрдиктерин баса белгиди.

Иш-чара Бишкек гарнизонунун кошуундарынын жана аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларынын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий