• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

MEGA`нын сатылышы компаниянын ишмердигине жана тейлөө сапатына эч кандай таасир этпейт – министрлик

Коом 0

Бишкек, 12.10.23. /Кабар/. «Альфа Телеком» ЖАКтын (MEGA соода маркасы) Мамлекеттик өнүктүрүү банкка сатылышы компаниянын ишмердигине жана тейлөө сапатына эч кандай таасир этпейт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Эскерте кетсек, күн мурун, 11-октябрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан электрондук аукцион өткөрүлгөн. Аукциондун жыйынтыгы боюнча «Альфа Телеком» ЖАК акцияларынын мамлекеттик пакети 100% мамлекетке таандык «Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКсына активдер жана капиталдаштыруу катары өткөрүлүп берилет.

Экономика министрлигинен белгилешкендей, бул компаниянын ишмердигине жана абоненттерге тейлөө сапатына эч кандай таасир этпейт, бирок компаниянын технологиялык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизүүчү инвестицияларды натыйжалуураак киргизүүгө гана салым кошот.

Мобилдик оператордун маалыматы боюнча, «MEGA динамикалык өнүгүү үчүн алган курсун улантат. Компаниянын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана байланыштын сапатын жакшыртуу боюнча иштер улантылат. Байланыш инфраструктурасы кыйла интенсивдүү өнүктүрүлөт жана өзгөчө Кыргызстандын жетүүгө кыйын аймактарында тармактын камтылышын андан ары кеңейтүүгө багытталган. Мобилдик оператор мындан ары да Fintech секторуна чоң көңүл бурат.

Байланыш жана санариптик кызматтардын сапатын өнүктүрүү жана жакшыртуу оператордун артыкчылыктуу милдеттери бойдон калууда. Максат мурдагыдай эле – Кыргызстандагы алдыңкы жогорку технологиялуу уюлдук оператор болуу».

Пикир

Оставить комментарий