• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР делегациясы Венада миграция маселелери боюнча эл аралык конференцияга катышты

Коом 0

Бишкек, 12.10.23. /Кабар/. КР делегациясы 2023-жылдын 10-11-октябрында Вена шаарында (Австрия) өткөн миграция маселелери боюнча эл аралык конференцияга катышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын делегациясын эмгек министринин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаев жетектеп барды.

Конференциянын ишине 250 мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана миграция маселелери боюнча эксперттер катышты. Эки күндүк талкуулардын ичинде миграциялык саясаттын актуалдуу маселелери жана негизги тенденциялары, кызматташтыктын жана өнөктөштүктүн негизинде бүткүл дүйнөдө натыйжалуу миграциялык саясатты иштеп чыгууда практикалык өз ара аракеттенүүнүн перспективалары каралды.

Конференциянын жүрүшүндө КР Эмгек министрлиги менен Миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.

Эл аралык борбордон аталган документке башкы директор, Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча мурдагы федералдык министри Михаэль Шпинделеггер, кыргыз тараптан - КР эмгек министринин биринчи орун басары Нундөөлөт Базарбаев кол койду.

"Меморандум өз ара колдоону бекемдөө, стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана тараптардын компетенциясына кирген бардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты кеңейтүү үчүн шарттарды түзөт. Анын негизги максаты Кыргызстандагы миграцияны натыйжалуу башкарууга көмөк көрсөтүү болуп саналат", - деп айтылат маалыматта

Меморандумда ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында КР Эмгек министрлигинин эгидасы астында мигранттар үчүн Ресурстук борбор түзүү каралган.

Пикир

Оставить комментарий