• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандагы колонияларда 7 миңдей адам жазасын өтөөдө

Коом 0

Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. Кыргызстандагы колонияларда 7 миңдей адам жазасын өтөөдө. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Кемел Садыков билдирди.

Анын айтымында, мекемелерде эркинен ажыратылган бир адамдын тамак-ашына 2020-жылы 71 сом 28 тыйын, 2021-жылы 90 сом 58 тыйын бөлүнсө, 2022-жылы 104 сом 8 тыйын бөлүнүүдө.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, жашы жете электердин колониясында ар бир соттолгон жарандын суткалык тамак-ашына 138 сом 15 тыйындан жана колониялардын медициналык мекемелериндеги соттолгондордун дарылануусуна 169 сом 24 тыйындан бөлүнөт.

Пикир

Оставить комментарий