• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектен Пакистандын Лахор шаарына авиакаттам ачылды

Коом 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек-Лахор-Бишкек багыты боюнча туруктуу каттам аткара баштады. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учак 30-августта Пакистандын эң ири шаарларынын бирине конду.

"Белгиленген багыт боюнча туруктуу авиакаттам биринчи жолу ачылып жатат. Учуулар жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү аткарылат", - деп белгилешти компаниядан.

Пикир

Оставить комментарий