• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектин айрым көчөлөрүндө эртең таза суу берүү токтотулат

Коом 0

Бишкек, 24.09.18. /Кабар/. Бишкектин айрым көчөлөрүндө эртең, 25-сентябрда таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу борбордук муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Бишкек суу канал” ишканасынын маалыматына караганда, “Аэропорт” суу дарбазасында жүргүзүлө турган оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 25-сентябрда саат 09:00дөн 16:00гө чейин кээ бир көчөлөрдө таза суу берүү токтотулат.

Таза суу бул сааттар аралыгында Чыңгыз Айтматов, Лев Толстой, Панфилов жана Горький көчөлөрү менен чектелген райондо берилбейт.

“Бишкек суу канал” башкармалыгы шаар тургундарынан жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий