• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин айрым райондорунда эртең, бүрсүгүнү таза суу жок болот

Коом 0

Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. 16-17-августта Бишкектин айрым райондорунда таза суу токтотулат. Бул тууралуу “Бишкексууканал” башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү №83 турак жайдын электр энергияга кошулуусуна байланыштуу 8-кичи райондогу №47 үйдүн насостук станциясын өчүрүү зарыл. Ага байланыштуу эртең, 16-августта саат 10:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү турак жайларда таза суу берүү токтотулат:

8-кичи район. №45, №46, №47, №45/1, №46/1, №46/4;
Токомбаев көчөсү, №45/2.

Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын 17-августунда саат 10:00дөн 17:00гө чейин Кумарык көчөсүндө жаңы суу линиясынын тартылышына байланыштуу турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жана өнөр жайларга суу берүү токтотулат.

Дэн Сяопин проспектиси - Трудовая көчөсү - Пишпек көчөсү - Кеңсуу көчөсү чектешкен аймакта ичүүчү суу өчүрүлөт.

"Бишкексууканал" башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкка жана мекемелерге ичүүчү сууну камдап алууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий