• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин айрым жерлеринде газ жана ысык суу токтойт

Коом 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 28-июнунан 9-июлуна чейин Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

"Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалыматы боюнча, жаратылыш газы 1976-жылы пайдаланууга берилген жер үстүндөгү орто басымдагы газ түтүгүндөгү эски жабдууларды оңдоп-түзөөгө жана алмаштырууга байланыштуу өчүрүлөт.

"Өчүрүү аянты төмөнкү көчөлөр менен чектелген: Садырбаев, Л.Толстой, Ала-Арча дарыясы, Миңжылкыев, Тыналиев, Масалиев, "Жал-23", "Ротор" отканасы", - деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы жылуулук энергиясын ысык суу түрүндө төмөнкү даректерге жеткирүүнү токтотууга аргасыз болот:

- "Жал" кичи району;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
- №5 мончо жана кир жуучу комплекс;
- №20 кесиптик лицейи;
- №99 кесиптик лицейи;
- №91- кесиптик лицейи.

Борбор калаанын мэриясы жана "Газпром Кыргызстан" компаниясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана учурда абоненттерден тамак бышыруунун альтернативдүү булактарына өтүүнү өтүнүшөт.

Пикир

Оставить комментарий