• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкектин Көлмө конушунда китепкана курулууда

Коом 0

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Бишкектеги Көлмө конушунун Максат көчөсүндө жайгашкан китепкананын курулушу уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, имарат 3 кабаттан турат, анда окуу жана абонемент залдары каралган. Жер участогунун жалпы аянты 0,38 га, имараттын аянты 622,62 чарчы метрди түздү.

Долбоордун алкагында биринчи жана экинчи кабаттарда 78 окурманга ылайыкталган окуу залдары, кызматкерлер үчүн кабинет жана техникалык жайлар каралган.

Азыркы учурда жер казуу иштери аяктады, катмарларды тыгыздоо жүргүзүлдү жана лабораториялык корутунду алынды. Пайдубалдын бетон негиздери куюлуп, биринчи жана экинчи кабаттарга тирөөч негиздери, калонна жана калкалар орнотулду.

Учурда 1-жана 2-кабаттарга кыш кыноо жүргүзүлүп, суу түтүгүнүн, канализация жана электр энергиясын өткөрүү үчүн орундары даярдалууда.

Пикир

Оставить комментарий