• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкектин Мурас-Ордо конушунда 5 жаштагы Алихан изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Бишкектин Мурас-Ордо конушунда 5 жаштагы бала изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы туулган А.А. аттуу баланын дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 14-январь күнү, саат 19:28де 112 кызматына түшкөн.

Аны издөөгө ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу тартылып, түнү менен конуштагы үйлөрдүн короолорун, сарай жана ажатканаларды, конушка жакын көлмөнүн жээктерин карап чыгышкан.

Мындан сырткары, ИИМдин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар да тартылган.

Маалыматка ылайык, 5 жаштагы Алихан аутизм менен жабыркап келет.

Учурда издөө ӨКМдин 17 куткаруучусу жана ИИМдин кызматкерлери издөө иштерин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий