• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Космонавт Бишкектин тургундарын шаардын 144 жылдыгы менен космостон куттуктады

Коом 0


Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Роскосмостун космонавты Сергей Корсаков Кыргызстанда туулуп өскөн. Ал шаардыктарды Бишкектин 144 жылдыгы менен түз орбитадан куттуктады.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, куттуктоонун текстинде төмөндөгүдөй айтылат:

“Урматтуу бишкектиктер!

Сиздерди Бишкек шаарынын күнү менен чын дилимден куттуктайм! Кыргызстандын борборуна 144 жыл толду.

Бул майрам шаардын тургундарынын гана эмес, аны мекеним деп эсептеген, жүздөгөн жана миңдеген алыста жашап жатышкан мекендештерибиздин дагы майрамы.

Өзүм туулуп-өскөн жана окуган Бишкек шаары - мен үчүн эң жагымдуу жана жылуу сезимдер менен жүрөгүмдө калган. Бул шаарда менин балалык издерим калып, ал күндөрүмдү ар дайым кубануу менен эстейм.

Бүгүн мен космосто иштеп жатам жана мени менен бирге эл аралык космос станциясынын бортунда туулуп-өскөн шаарымдын желеги илинип турат.

Бишкектиктерди Бишкек шаарынын түптөлгөн күнү менен куттуктап коюу мен үчүн чоң сыймык жана кубаныч.

Шаардын өзгөрүп жатканы космостон даана көрүнүп турат. Жаңы турак жайлар, мектептер, бала бакчалар курулуп, жолдор оңдолуп, скверлер, парктар көрктөндүрүлүп жатат. Бул долбоорлордун ишке ашырылып жатканы бардык шаардыктардын эмгеги деп билем.

Бишкектиктерге чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми Бишкек шаарыбызга туруктуулук жана гүлдөп өнүгүү каалайм! Ар жыл сайын жакшыра берсин! Майрамыңыздар менен!

Белгилей кетсек, Ю.А.Гагарин атындагы Сыноо-космонавттарды даярдоо борборунун сыноочу-космонавты Сергей Корсаков Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында 1-сентябрь 1984-жылы туулган. Тверь облусунун Кимры шаарындагы №2 гимназияны аяктагандан кийин Н.Э. Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университетине тапшырган.

2022-жылдын 18-мартында Байконур космодромунан №2 кеменин бортинженери катары «Союз МС-21» транспорттук башкарылган космостук кемеси менен Эл аралык космос станциясына учурулган. Учурда космостук учууда.

Пикир

Оставить комментарий