• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Биздин максат – адилет сот бийлигин түзүү! Садыр Жапаров сот тутумунун кызматкерлерин куттуктады

Президент 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлерин куттуктады, деп билдирет мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.

“Урматтуу сот тутумунун кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Сот тутумунун кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Сот тутуму бийликтин бир бутагы катары чыныгы жарандык коомду курууда жана улуттук экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү орун ээлейт. Ошондой эле этностор аралык ынтымакты, жарандык тынчтыкты жана Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоодо эң маанилүү институттарынын бири болуп саналат.

Соңку мезгилде мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп, сот тармагында бир топ жылыштар, ийгиликтүү иштер жүзөгө ашырылды. Өткөн жылдарга салыштырганда соттор тарабынан актоо актыларынын кабыл алынышы кыйлага көбөйдү жана бул жагдайды судьялардын Конституцияда көрсөтүлгөн көз карандысыздык боюнча ыйгарым укуктарын пайдалануу менен ар кандай тоскоолдуктарга каршы туруп, иштерди кылдат карап, адилеттүү чечим чыгарууга болгон аракети катары белгилесек болот. Албетте, бул жетишкендиктер сиздердин эмгегиңиздердин аркасында ишке ашты.

Ошону менен бирге азыркы учурда сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапаты, сот өндүрүшүнүн мөөнөттөрү, сот тутумунун иши жөнүндө ачык-айкын маалыматтын жетишсиздиги, айрым соттордун канааттандырарлык эмес иши, сот чечимдеринин натыйжасыз аткарылышы, сот адилеттигин жүргүзүү үчүн зарыл шарттардын жоктугу менен байланышкан бир катар көйгөйлөр бар.

Санариптештирүү иштеринин алкагында даярдалып жаткан программалар чыныгы ачык-айкындуулукту камсыз кылып, жарандарыбыздын, ишкерлердин талабына жооп бергендей заманбап, ыңгайлуу шарттар түзүлүшү зарыл.

Биздин максат – адилет, ачык, калыс жана жоопкерчиликтүү сот бийлигин түзүү. Эң негизгиси, элибиз соттордун иши жакшыра баштаганын сезип, ага ишенгендей болушу керек. Жамы журтубуз соттор мыйзам сыйлаган жарандарды коргой турганын, мыйзам алдында бардыгы тең экенин жана бир дагы кылмыш жазасыз калбасын иш жүзүндө көрүүгө тийиш.

Бул максатка жетиш үчүн сиздерден ак кызмат кылуу, кесипкөйлүк жана эң башкысы, адилетүүлүк талап кылынат!

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр каалайм. Жоопкерчиликтүү ишиңиздерди ийгиликтер коштосун!”.

Пикир

Оставить комментарий