• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык үч мушкер бокс боюнча дүйнө кубогунун жарым финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 27.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бекзат Эргешев, Рысбек Бектенов жана Султан Асанкул уулу Ф.К. Салмановдун жаркын элесине арналган “Мунай өндүрүүчү мамлекеттердин” ХХ дүйнө кубогу аталышындагы эл аралык турнирдин жарым финалына чыкты.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, эл аралык турнир Россиянын Нижневартовск шаарында 25-марттан 29-мартка чейин өтүүдө.

Бекзат Эргешев 51 кг чейинки салмак ченинде Александр Бушукин менен, 60 кг чейинки салмакта Рысбек Бектенов Никита Косман менен жана Султан Асанкул уулу 75 кг чейинки салмакта Ильяс Додоржанов менен финалга чыгуу үчүн күч сынашат.

Кыргызстандык спортчулардын атаандаштары бардыгы тең россиялык мушкерлер.

Пикир

Оставить комментарий