• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Боронов: Фискализация – республикалык бюджетти толтуруунун маанилүү механизми

Өкмөт 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Бажы жана салык процедураларын фискалдаштыруу тутумун өнүктүрүү маселеси – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бул туурасында бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

«Белгилүү болгондой, 2020-жылдын 1-июлунан тарта ишке киргизилген электрондук эсеп-фактуралар, виртуалдык кассалык аппараттар, бардык май куюучу жайларда мунай заттарын чыгарууну эсепке алуунун автоматташтырылган тутуму иштеп баштады. Жыл аягына чейин алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын санариптик идентификациялоо аркылуу милдеттүү түрдө маркировкалоо боюнча электрондук кызматтар ишке киргизилет. Булардын баары Мамлекеттик бажы кызматынын электрондук сервисине толук кошулат, натыйжада, көмүскө экономиканын көрсөткүчтөрү төмөндөп, республикалык бюджетке түшүүчү каражаттардын көлөмүн жогорулатууга шарт түзүлөт», - деди Премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий