• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бурулайдын иши: Айыпталуучу Бөдөшев акыркы сөзүн айтты

Коом 0

Бишкек, 11.12.18. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда 19 жаштагы Бурулай Турдалиеванын өлүмүнүн иши боюнча кезектеги соттук отурум жүрүүдө.

Сот отурумунда айыпталуучу Марс Бөдөшев жана Акмат Сеитовго акыркы сөз берилген.

Бөдөшев адилеттүү чечим чыгарып, Акмат Сеитовдун жазасын жеңилдетүүнү суранган. Сеитов дагы адилеттүү чечим чыгарууну суранган.

Сот Санжар Чотонов кеңешүү бөлмөсүнө кирип кеткен.

Эске салсак, Турдали кызы Бурулай 27-майда Жайыл районунун ички иштер башкармалыгынын имаратында өлтүрүлгөн. 29 жаштагы Марсбек ага 3 жолу бычак сайып өлтүргөн. Ал Бурулайга үйлөнүү максатында аны ала качууга экинчи ирет аракет кылган, бирок милиция аны кармап калууга үлгүргөн. Андан соң кыз жана жигит Жайыл РИИБне жеткирилип, алдын ала версия боюнча, милиция кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам Марсбек кызды өлтүрүп, өзүн да жарадар кылган.

Пикир

Оставить комментарий