• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл атайын техника сатып алууга 2,5 млрд сом бөлүндү – Акылбек Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Өлкө башчысынын тапшырмасына ылайык, бул жылы атайын техника сатып алууга 2,5 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүндөгү өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал белгилегендей, жаңы техникалар Нарын облусунун түзүмдүк бөлүмдөрүнө дагы бөлүнөт.

Эскерте кетсек, кар көчкү түшүүсүнө байланыштуу 17-февралдан тартып Нарын облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Бишкек - Нарын - Торугарт жолунда кар көчкүнү атайылап атып түшүрүү иштери жүргүзүлүп, атайын техникалар иштөөдө жана унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилип жатат. 16-20-февраль аралыгында 1 млн 22 миң 750 метр куб кар түшүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий