• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Быйыл балдарды 1-класска кабыл алууда экзамен алууга тыюу салынат

Билим 0


Бишкек, 26.01.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылы балдарды 1-класска кабыл алууда алардын билим деңгээлин аныктоого багытталган экзамен алууга тыюу салынат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Эскерте кетсек, 2022-2023-окуу жылына балдардын мектепке электрондук кабыл алуусу жеңилдетилди.

“Балдар иштери боюнча комиссиянын чечими менен 1-класска окуучуларды кабыл алуу электрондук каттоо системасынан тышкары, мектепке түз кабыл алуу менен да ишке ашырылат. Быйыл балдарды 1-класска кабыл алууда алардын билим деңгээлин аныктоого багытталган текшерүүлөрдү, экзамен, тест, аңгемелешүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынат”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий