• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Сауд Арабиясы кыргызстандыктар үчүн ажылыкка квотаны көбөйттү

Коом 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. Быйыл ажылык сапарга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн Сауд Арабиясы квотанын санын 5510го чейин көбөйттү. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 25 квотага көп. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев билдирди.

Анын айтымына караганда, 2018-жылы Сауд Арабиясы кыргызстандыктар үчүн 5485 квота бөлгөн.

Атабаев билдиргендей, быйыл ажылыкка баруу үчүн жалпысынан 7562 жаран катталган.

“Сауд Арабиянын Ажылык министрлиги азырынча кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын айта элек. Болжол менен март айында такталат”, - деп билдирди ал.

Ал ошондой эле кыргызстандыктар болжол менен 20-июлда Меккеге сапар тарта тургандыгын кошумчалады.

Эске сала кетсек, быйыл кыргызстандык зыяратчыларды Меккеге “Flaynas” авиакомпаниясы ташыйт. Авиабилеттин баасы - 1550 АКШ доллары.

Пикир

Оставить комментарий