• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги сүрөт көргөзмөсүндө КЭДРдин жашоосу чагылдырылды

Коом 0

БИШКЕК, 15.08.17. /Ислам Розиев - Кабар/. Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде КЭДР боштондугунун 72 жылдыгы белгиленди.

Көргөзмөдө Түндүк Кореянын сүрөтчүлөрүнүн колго жасалган эмгектери коюлган. КЭДРдеги жашоону чагылдырган сүрөт жана китептер коюлган.

Ошондой эле, көргөзмө Кыргызстан менен КЭДРдин ортосундагы мамиленин өнүгүшүнө шарт түзөт.

Кыргызстан жана КЭДРдин достук коомунун президенти Валерий Пак мындай көргөзмөлөр биринчи ирет өтүп жатпаганын белгиледи. “Бул жылы биз Кыргызстандын делегациясын Түндүк Кореяга жөнөткөнбүз. Аны менен биз ал жакта жашоо телеэкрандарда көрсөткөндөн алда канча башкача экенин айткыбыз келген”,-деди ал.

Көргөзмөнү КЭДР жана кыргыз коомдук достугу делегациясы уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий