• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Атамбаев кырсыкка байланыштуу Непалдын президентине көңүл айтты

Президент 0

БИШКЕК, 15.08.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Непалдын бир катар райондорунда жүргөн ташкындын кесепетинен көптөгөн адамдар жабыркагандыгына байланыштуу Непал Федеративдүү Демократиялык Республикасынын Президенти Бидхья Деви Бхандариге көңүл айтты. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Жалпы кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Непалдын бир катар райондорунда жүргөн ташкындын кесепетинен улам көптөгөн адамдар жабыркагандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына кайрат айткан сөздөрдү, жабыр тарткандардын баары тезирээк сакайып кетишин кааларымды жеткирип коюуңузду өтүнөм”, -деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий