• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облусунда алдамчылыкка шектелген 57 жаштагы жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Чүй облусунда адамчылыкка шектүү 57 жаштагы аял киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 8-май күнү Сокулук РИИБна арыз менен Бишкек шаарынын тургуну 60-жаштагы Т.Г. атту жаран кайрылган, себеби 2014-жылдын август айында Сокулук районуна караштуу Ново-Павловка айылында жайгашкан 10 сотых жер тилкесин О.Ч. аттуу жарандан 300 миң сомго сатып алып, бирок ал жер тилкени көрсөтүп бербестен изин суутуп качып кеткен.

Аталган факт Сокулук райондук милициясынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Жазык кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") фактысы менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Чүй ОИИББнын Криминалдык милиция кызматкелери жана Сокулук РИИБнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары мурда сот жообуна тартылган 57-жаштагы О.Ч. кармалып, КР ЖПКнин 95-беренине ылайык, Сокулук РИИБнун убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда О.Ч. карата жогоруда көрсөтүлгөн фактыдан башка 8 фактысы Сокулук РИИБнун тергөө кызматында тергелип жатат.

Пикир

Оставить комментарий