• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунда уурулукка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.05.21./Кабар/. Чүй облусунда уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата РИИБине 34 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Ю.А. арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Ал 2021-жылдын 7-майында саат 11:20 чамасында Кант шаарынын борборунда токтоп труган"Мерседес Спринтер" үлгүсүндөгү унаанын эшигин талкалап, акчасын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген зыяндын көлөмү аныкталды.

Бул факт Ысык-Ата районунун ИИБнин КЖБР КР Кылмыш-жаза кодексинин 200 (уурдоо) беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Бишкек шаарынын 49 жаштагы К.У. аттуу тургуну кармалган. Жогоруда аталган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары КР Ички иштер министрлигинде ыкчам каттоосунда турганы билинген.

Жогорудагы адамга карата Жалал-Абад облусунун аймагында КЖБР КР Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (уурдоо) фактысы менен козголгон иш бар экени белгилүү болгон, ал ушундай эле жол менен Жалал-Абад облусунун көчөлөрүнүн биринде токтоп турган унаанын ичинен 390 миң сомдон ашык акчасын уурдап, ага карата издөө иши козголгон.

Чүй ОИИБдин кызматкерлери жогорудагы адамдын Чүй облусунда жасалган ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгын текшерип жатышат. Ал райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген, тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий