• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чагымчыл материалдарды тараткандар жазага тартылат – ИИМ

Коом 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. Чагымчыл материалдарды тараткан жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

ИИМден билдиришкендей, фейсбук социалдык тармагында Кытайдын жарандары милиция кызматкерин сабап жаткан тасма тарап жатат. Бул окуя 2014-жылы катталып, ал окуя боюнча иш сотко жиберилген.

“Ал окуя боюнча Кылмыш кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык), 341-беренеси (Бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу) жана 174-беренеси (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш сотко жөнөтүлгөн. Акыркы убактарда WhatsApp жана башка социалдык тармактарда чагымчыл материалдарды камтыган жана аймактар аралык (улуттар аралык) кастыкты козутууга багытталган аудио-билдирмелер менен видео тасмаларды таратышууда. Биз чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо иштерин жүргүзүп жатабыз”, - деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

ИИМ аймактар аралык (улуттар аралык) кастыкты козгоого багытталган материалдарды даярдап, тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын билдирет. Ошондой эле жарандардарды андай чагымчыл материалдарды таратуудан алыс болууга үндөйт жана мындай фактылар боюнча 102 номерине кайрылууларын өтүнөт.

ИИМден белгилешкендей, Кыргыз Республикасынын мыйзамын билбегендик, жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

Пикир

Оставить комментарий