• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чаткал милициясы үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүнү күчөтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. Чаткал милициясы үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүнү күчөтүүдө, - деп маалымдайт Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, райондун аймагында үй-бүлөлүк зомбулуктун жана жашы жете электердин сууга чөгүүсүнүн алдын алуу максатында, райондук администрациясынын акиминин социалдык маселелери боюнча орун басары, райондук социалдык өнүктүрүүнүн жетекчиси, айыл өкмөт, айыл башчылар, аксакалдар сотторунун төрагалары, аялдар кеңешинин төрайымдары, жаштар кеңешинин төрагасы катышкан жыйын болуп өттү.

Жыйында үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бул багытта алдын алуу иштерди чогуу биргеликте жүргүзүү жагы сунушталып, анын натыйжасында эффективдүү жыйынтыктар болору белгиленди.

Милициянын бул кадамын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү колдоо менен кабыл алышып, кылмыш болгондон кийин эмес, анын алдын алуу зарылдыгын айтышып, аткара турган иштерди мерчемдешүүгө жетишти.

Облустук милициядан кошумчалашкандай, Чаткалда жакынкы убактарда бир топ алгылыктуу иш-чаралар ишке ашырылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий