• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Кара-Кече» көмүр кенине жаңы техникалар Кореядан алынууда

Коом 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. «Кара-Кече» көмүр кенине жаңы техникалар Кореядан алынып келинүүдө. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын февраль айында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Кара-кече филиалы ” тарабынан эки даана экскватор сатып алууга сынак жаряланган.

Кореядан өндүрүлгөн DOOSAN (DX-480LCA-K) маркасындагы экскаватор саналуу күндө Кыргызстанга жеткизилет. Бул техникалардын баасы 55 млн 112 миң сомду туздү.

Бүгүнкү күндө Жумгал районунун аймагындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече көмүр кесиминде ижарага алынып 5 экскаватор, 30 хово унаасы жана 1 даана погрузчик, 2 бульдозер техникасы иштеп жатат.

Эске сала кетсек, аталаган ишкана техника жетишсиз болгондугуна байланыштуу ижарага алып иштөөгө мажбур болуп келген.

Пикир

Оставить комментарий