• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Киркомстром конушунда спорт комплекси, мектеп жана эс алуу багын куруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Бишкек мэринин орун басары Нурдан Орунтаев Киркомстром конушунун тургундары менен жолугушту.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, жолугушууда муниципалдык аймакка спорт комплексин, мектеп, сейил бак куруу маселеси талкууланды. Буга чейин Киркомстром конушунун тургундары конуштун түштүк-батыш тарабында жайгашкан 2,7 гектар жер тилкесинде эс алуу паркын куруу өтүнүчү менен кайрылган.

Жолугушууда мэрдин орун басары жер тилкеге спорт комплексин, мектеп жана эс алуу багын куруу пландалып жатканын белгиледи.

"Биз ар дайым жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даярбыз. Алгач ишембилик өткөрүп, аймакты тазалайлы. Объекттердин алдын ала эскиздик долбоору “Бишкекбашкыархитектура” тарабынан даярдалат. Инвестициялык маселе чечилсе, 3 жылдын ичинде бул объектилерди курууну пландап жатабыз”, - деди Нурдан Орунтаев.

Жыйынга Ленин районунун акиминин орун басары Бакыт Караев, Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев, мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин башчысынын орун басары Азамат Кадыров катышты.

Маалымат үчүн: Аталган жер тилкеси 2005-жылы жеке адамга 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилген. 2021-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы ижара келишимин бузуу боюнча сотко кайрылган. Соттун чечими менен 2,7 гектар жер тилкеси мэрияга кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий