• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кудайберген Базарбаев Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө агенттиктин директору Кытай элчилиги тарабынан Кыргызстанда түрдүү багытта жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүгүнө жогору баа берип, өзгөчө Ду Дэвэнге өлкөнүн мамлекеттик кызмат системасын өнүктүрүүгө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу боюнча долбоорлорду жүзөгө ашырууга багытталган кызматташуусу жана агенттиктин демилгелерин ишке ашырууда колдоо көрсөтүп келгендигин үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Кудайберген Базарбаев кадрларды даярдоо жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жаатында Кытай менен кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө кыргыз тараптын кызыкдар экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде элчи агенттик менен биргеликте ишке ашырылып жаткан багыттар боюнча ишти улантуу ниетин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий