• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстан жана Өзбекстан ТИМдеринин ортосунда консулдук консультациялар өттү

Саясат 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Кыргызстан жана Өзбекстан Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консулдук маселелер боюнча кезектеги консультациялар болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Бекитилген күн тартибине ылайык, тараптар өз ара кызыкчылык туудурган актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты, ошондой эле консулдук чөйрөлөрдө кыргыз-өзбек мамилелеринин учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашты.

Эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана Кыргызстан менен Өзбекстан мүчө болгон эл аралык келишимдердин ченемдерин сактоо маселелерине негизги көңүл бурулду.

Кыргызстан жана Өзбекстандын ыйгарым укуктуу ведомстволорунун өкүлдөрү эки мамлекеттин жарандарынын мамлекеттик чек арадан өтүү тартиби, тараптардын мамлекеттеринин аймагында жүрүү шарттары, өз ара баруулары жана жарандык маселелери тууралуу маселелерди талкуулашты.

Консультациялардын жүрүшүндө, пробациялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу укугун ал жараны болуп саналган мамлекетке өткөрүп берүү жөнүндө меморандумдун долбоору өзбек тарапка андан ары талкуулоо үчүн берилди.

Консультациялар жылуу, өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү маанайда өттү.

Консультациянын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Консулдук жана миграциялык багыттардагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий