• 88.68
  • 95
  • 0.95

Элчи Аманбаев АКШ мамкатчысынын орун басары менен жолугушту. Талкууланган маселелер

Саясат 0

Бишкек, 09.04.24./Кабар/. Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиси Бактыбек Аманбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зея менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы адам укуктары, демократияны өнүктүрүү жана жакында Кыргызстанда кабыл алынган бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу мыйзамдын кабыл алынуу себептери тууралуу пикир алмашуу болду.

Элчи Бакыт Аманбаев Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу маалымат берүү менен бирге, демократиялык институттарды өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири маалымат берди.

Өз кезегинде Узра Зея Кыргызстан дайыма демократиялык принциптерди туу тутуп келгендиги менен өзгөчөлөнгөндүгүнө токтолуп, адам укугу жана демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүү жаатында кызматташууга даяр экенин ырастады.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектри боюнча конструктивдүү кызматташтыкты улантууга өз ара ниеттерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий