• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык бажычы грэпплинг жана жиу-житсу боюнча Европа чемпионатында коло утту

Коом 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери Адилет Тилавалдиев Адилет грэпплинг жана жиу-житсу (NAGA) боюнча Европа чемпионатында коло медал тагынды. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бажы кызматынын капитаны 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.

Чемпионат ушул жылдын 10-11-ноябрь күндөрү Германиянын Лимбург шаарында өттү. Ага жалпысынан 40тан ашык өлкөдөн 2 миңден ашуун катышуучу катышты

Пикир

Оставить комментарий