• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аудио китеп түрүндө жарык көрдү

Коом 0

Бишкек, 08.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аудио китеп түрүндө жарык көрдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Чыңгыз Айтматов академиясынын өкүлү Нурболот Азаматов билдирди.

Анын айтымында, аудио китеп Айтматовдун туулган күнүнө (12-декабрь) карата даярдалган.

"Жыл сайын декабрдын экинчи жумасынан баштап залкар жазуучу Айтматовду эскере баштайбыз. Ага арналган иш-чаралар өткөрүлөт. Быйыл дагы Эрнис Кыязов Айтматовдун бардык чыгармаларын аудиолоштуруп, үн коштоп, диск түрүндө чыгарды", - дейт ал.

Аудио китептин демилгечиси 5-канал телеканалынын башкы директору Эрнис Кыязовдун айтуусунда, интернет булактарында кыргызча аудио китептердин саны салыштырмалуу аз болууда.

"Орусча сайттарды карасам орус тилинде аудио китептер өтө көп чыгат. Бизде саналуу гана болгондуктан кимдир бирөөгө айтпай өзүм жасап көрүүнү чечтим. Санаалаштарым менен кеңешип, Айтматовдун бардык чыгармаларын аудиолоштуруп, youtube каналга жүктөгөнбүз. Ошондой эле жазуучунун чыгармалары диск түрүндө чыгарылып, Билим берүү жана илим министрлигине, көзү азиздер коомуна, карыялар интернатына берилет", - деди Кыязов.

Көзү азиздер үчүн республикалык китепкананын директору Жумабай Исмаилов Айтматовдун чыгармаларында камтылган баалуулуктар канчалык элге таралса, ошончолук маданиятыбыз, рухубуз өсүп-өнүгөрүн айтат.

"Акыркы учурда жазуучунун чыгармалары аудио түрүндө чыга баштады. Алар дагы биздин коомубузга таратылууда. Залкар артисттер Советбек Жумадылов, Жамал Сейдакматова, Арсен Өмүралиев, Тамара Алсеитова, Роза Рыскелдинованын окугандары өзүнчө керемет. Алар чыгармаларды жакшы түшүнгөнү үн аркылуу берилет. Буйруса, бүгүнкү аудио китептер дагы биздин маалымат базабызга киргизилет", - деп билдирди Исмаилов.

Пикир

Оставить комментарий