• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19 инфекциясы табарсык ооруларынын пайда болуу коркунучун жогорулатат

COVID - 19 0

Бишкек, 21.11.22. /Кабар/. Окленд университетинин окумуштуулары аныктагандай, COVID-19 табарсыктын сезгенүүлөрүн жана заараны кармай албай калуу ыктымалдыгын 2-3 эсеге арттырат.

Изилдөөчүлөр 1 895 медицина кызматкеринин маалыматтарын талдоонун негизинде ушундай жыйынтыкка келишкен. Окумуштуулар COVID-19 белгилери билинип жана билинбей өткөн бейтаптарда заара кармай албоого туш болуу коронавирус инфекциясына чалдыкбагандарга караганда 2 жана 3,2 эсе жогору экенин аныкташкан.

Заараны кармай албоо –инфекциядан кийин пайда болгон белгилердин топтомунун – постковиддик белгилердин бири жана адамдын жашоо сапатын кыйла начарлатат.

Эмдөө гана COVID-19дун оор өтүшүн басаңдатып, постковиддик белгилердин өрчүү ыктымалдыгын азайтат.

Пикир

Оставить комментарий