• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Делбирим” тасмасы 6-декабрдан тарта Кыргызстанда көрсөтүлө баштайт

Маданият 0

Бишкек, 23.11.18 /Кабар/. “Делбирим” кыргыз-өзбек тасмасы 6-декабрдан тарта Кыргызстанда көрсөтүлө баштаарын centralasian.org. сайты жазып чыкты.

Белгилей кетсек, тасма Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” чыгармасынын негизинде тартылган.

Тасма Өзбекстандагы Наманган облусунун Нанай жана Гова айылдарында, Ташкент облусунда жана Кыргызстанда – Ысык-Көлдө тартылган.

Башкы ролдордо - Ильяз жана Байтемирди өзбек актерлору Адиз Ражапов жана Улукбек Кадыров ойногон. Асель жана Кадичанын ролун кыргыз актрисалары Мадина Талипбек жана Элина Абай кызы аткарышкан.

Тасманын сценарийин кыргыз драматургу Керез Зарлыкова, тасманы өзбек режиссеру Сарвар Каримов тарткан.

Буга чейин бул тасма 16-ноябрда Өзбекстанда көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий