• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте композиторлор Түлеев жана Феферимандын 100 жылдыгына карата концерт өттү

Маданият 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында кыргыз музыкасынын профессионалдык деңгээлге алып чыккан композитор Аскар Түлеевдин жана белгилүү композитор, дирижер Бори Фефермандын 100 жылдыгына карата концерт өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирет.

Иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев катышып, эки залкардын өмүрү-чыгармачылыгы, кыргыз музыкасынын өнүгүп-өсүшүнө жана келечегине түзүп кеткен пайдубалына токтолуп, куттуктоо сөз сүйлөдү.

Концерт П. Шубин атындагы Борбордук музыкалык мектеби тарабынан даярдалып, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Аскар Түлеев 1920-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Төкөлдөш айылында туулган.

Кыргызстандагы алгачкы профессионалдык композиторлордун бири жана биринчи кыргыз симфониясынын жаратуучусу болгон. Ал баштапкы билимди Фрунзе шаарында алып, музыкалык колледжде гобой ойногонду өздөштүрүп, андан кийин Москвада (1935-жылдан), М.М. Ипполитов-Иванов атындагы музыкалык мектепте окуган. Студент кезинде, 1939-жылы май айында анын эмгеги Москвада өткөн Кыргыз искусствосунун декадасынын концерттеринин биринде коюлгандыгы менен эсте калган.

Борис Вениаминович Феферман 1920-жылы Украинанын түштүгүндөгү Александрия шаарында жумушчулардын үй-бүлөсүндө туулган.

Феферман Кыргызстандын музыкалык маданиятына зор салым кошкон. Борис Феферман "Комузда ойноонун практикалык окуу китебинин" (Фрунзе, 1960), "Бир үндүү Сольфеджио" (М.Абдраев менен, Фрунзе, 1973), "Эки Үндүү Сольфеджионун" (Фрунзе, 1975) китептеринин автору болгон.

Пикир

Оставить комментарий