• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутат: Элет жергесинде бала бакча жетишсиз болууда

Коом 0

Бишкек, 01.11.18. /Кабар/. Өлкө аймагында 1390 бала бакча бар, анын ичинде 248 бала бакча мамлекеттик, калганы жеке менчик болуп саналат. Бала бакча ачууга лицензия алуу жол-жоболору кыйла жеӊилдетилгенине карабастан, эч ким бала бакча ачпай, элет жергесинде бала бакча жетишсиз болууда. Бул тууралуу депутат Алмазбек Эргешов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Ордо калаада деле акыбал андан жакшы эмес, ушу тапта Бишкек шаарында 2 миӊден ашуун бала бала бакча кезегинде турат. Совет доорунда 1696 бала бакча болсо, 2000-жылы 400 гана мектепке чейинки мекеме калыптыр. Көп бала бакчалардын имараттары менчиктештирилип кеткен же баш мекемелерге берилген. Жок дегенде ошол имараттарды кайра кайтарып алуу зарыл», - дейт эл өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий