• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дылдаев: Кайрылууда экономиканы өнүктүрүү тууралуу маанилүү аспектилер айтылды

Коом 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Кечээ, 5-майда президент жаңы Конституцияга кол койду. Муну менен катар ал Кыргызстан элине кайрылуу жасады, анын жүрүшүндө жаңы Конституция тууралуу ойлору менен гана бөлүшпөстөн, өлкөнүн турмушунун бардык тармактарына таасир эткен көптөгөн тармактарга токтолду. Ал Конституциялык реформа – бул башталышы гана экенин жана алдыда көптөгөн иштер бар экенин айтты.

Ушуга байланыштуу эксперттик коом тегерек столго чогулушуп, президенттин кайрылуусун талкуулашты. Мирлан Дылдаев өзүнүн пикири менен бөлүштү.

“Президенттин кайрылуусу кыска, бирок мазмундуу болду. Ал өлкөнүн мүмкүнчүлүгүн көтөрүүгө багытталды. Биз 30 жыл экономиканы өнүктүрүүнүн түрдүү ыкмасын колдонуп келдик. Бирок, эч качан өз позициябызга, башкача айтканда бизден ар кандай тармактар жана багыттар боюнча айырмаланган өлкөлөрдүн экономикасын канчалык деңгээлде кабыл алсак болоруна көз чаптырган жокпуз. Биздин географиялык абалыбыз чындыгында эле бизге керек болгон авиациялык түйүндү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындай түйүн тууралуу сөз болгон, бирок ишке ашкан эмес. Дагы бир маанилүү кайрылуу – жогорку технологиядагы продукция болду. Бул үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүк жана ресурс бар”,-деди Дылдаев.

Эксперт дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө Кыргызстандын жарандары ар кандай тармактарда татаал долбоорлорду ишке ашырууга катышып келе жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий