• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Депутат О.Артыкбаев токтогулдук элет жаштарынын өтүнүчүн аткарды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11-май /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылындагы Жумабек Чаргынов атындагы орто мектепте спорт залы ачылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мектептин директору Керимбай Тейтиевдин айтымында, былтыр Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев менен болгон жолугушууда Кызыл-Өзгөрүш айылынын жаштары спорттук зал куруп берүү өтүнүчүн билдирген. Аны салууга депутат менен жергиликтүү калктын биргелешкен аракети менен бир жыл ичинде спорт залы бүткөрүлүп, депутаттын катышуусунда ишке берилди.

Белгилей кетсек,күрөш залын курууга 1 млн 200 миң сом каражат сарпталган.

Пикир

Оставить комментарий